92

Чыңгыз Айтматов 92 жашта

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чаралы уюштурулду

14 Aralık 2020 13:46

12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чаралы уюштурулду. Айтматовдун жакын туугандары, адабият сүйүүчүлөр "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, Айтматовдун көрүстөнүнө гүл чамбар коюшту.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн эскерүү иш-чарасына Чыгыш менен батышты бириктирген Анадолу маданият долбоорлорунун платформасынын жетекчиси Өмер Эрдоган жана Ысык-Көл форунун баш катчысы, журналист Ассоль Молдакматова да катышты.

Ал арада Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы кинотеатрда жогорку окуу жайлардын студенттерине «Айтматовдун дүйнөсү» аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлдү. Ош шаарындагы улуттук драма-театрда «Маңкурт» жана «Жамийла» чыгармалары сахнага коюлду.

Ал эми Кырыз-Түрк «Манас» универитетинде онлайн форматта жыйын өтүп, Айтматовдун чыгармачылыгы адабий өңүттөн талкууланды.

Кыргызстанда 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү менен катар Адабият күнү да белгиленет. Улуттук адабият күнү 2011-жылдан тартып белгиленип келатат.

Жаңылыктар