Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы дүйнөгө сунушталат

 Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаңы тасмалар тартылып, спектаклдер жазылат.

01 Aralık 2021 13:40

«Ак кеме», «Саманчынын жолу», «Кызыл алма», «Кыямат» «Кылым карытаар бир күн» ж.б. повесть, романдары менен дүйнөгө таанылып, чыгармалары 176 тилге которулган Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дароо эле кинорежиссерлордун көңүл буруусуна арзып, алгач, "Кызыл жоолук делбирим" повести боюнча "Ашуу" аттуу кинотасма жаралган. Андан көп өтпөй "Аптап, "Биринчи мугалим", "Жамила", "Мен Тянь-Шань" фильмдери куйрук улаш тартылып, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз тасмалары дүйнөгө карай жол алган.

Анын чыгармалары эч качан актуалдуулугун жоготпой, көпчүлүк окурмандардын бүйүрүн кызытып келгендиктен кызы Ширин Айтматова жана уулу Эльдар Айтматов жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат.

Ширин Айтматованын маалыматына караганда, Чыңгыз Айтматовдун балалыгы тууралуу көп бөлүмдүү тасма тартуу пландалууда. Буга чейин бул жаатта Түркияда бир катар жолугушуулар өткөн.  

Ширин Айтматова Стамбулда өткөн «Коркут Ата-Түрк Дүйнөсү» фестивалы түрк тилдүү элдердин биримдигин чыңдаган жана маданий байланышты өркүндөтө турган жаңы платформа экенин баса белгилеп, фестивалдагы жолугушуулардан кийин Айтматов тууралуу көптөгөн долбоорлор жаралаарына ишеним артты.

«Атам бир катар адабий чыгармаларды жаратып, бизге мурас кылып калтырып кетти. Анын чыгармаларынын таасири азыр да күчүн жоготпойт. Адабиятта атам баштап кетен мектеп уланууда. Анын чыгармаларынын негизинде бир катар тасмалар тартылган. Эми биз бул жолду улантууну чечтик»,-деди ал.

Учурда Ширин менен Элдар продюсердик компания түзүүнү пландап жатат. Ага «Кызыл алма» деген ысым ыйгарышмакчы. Бул компанияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаңы тасмалар тартылып, спектаклдер жазылат.

Белгилей кетсек Чыңгыз Айтматов 2000-жылы Айтматов атындагы эл аралык фонд түзгөн. Элдар Айтматовдун айтымында Чыңгыз Айтматов бул фондду  түзүү менен бир катар мамлекеттерде маданий борборлорду ачууну максат кылган. Тилекке каршы бул максатына жетпей көз жумду. Эми Элдар менен Шириндин максаты-маданий борборлорду бардык Түрк мамлекеттеринде ачуу. Аталган борборлордо маданий иш-чаралар, фестивалдар жана көргөзмөлөр уюштурулат.

 

Anahtar Kelimeler: Чыңгыз Айтматов,

Жаңылыктар