100

Чыгаан драматург Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдык мааракеси бир катар мамлекеттерде белгиленет

Токтоболот Абдумомунов – драматург, жазуучу, коомдук ишмер. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.

11 Şubat 2022 19:09

Көрүнүктүү драматург, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.

Студент кезинде эле Токтоболот Абдымомунов театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.

Чыгармачылыгы "Кумдуу чап","Курман" пьесалары менен башталат.

Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

1989-жылы 67 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Көзү өткөндөн кийин, 1991-жылы улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган.

ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюму, 2022-жылды, Токтоболот Абдымомуновду эскерүү жылы деп жарыялаган. Мындай сунуш Абдымомуновдун 100 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри тарабынан демилгеленген. Ага ылайык 2022-жылы Абдымомуновго байланыштуу масштабдуу маданий иш-чаралар уюштурулуп, илимий конференциялар өткөрүлөт. 

Anahtar Kelimeler: Токтоболот Абдымомунов, Кыргызстан,

Жаңылыктар