Чыгыш Анадолу обсерваториясы асман телолоруна байкоо жүргүзөт

Эрзурум шаарындагы Чыгыш Анадолудагы обсерваториясы үчүн Италиядан сатып алынган телескоп Түркияга алынып келди. Астрономиялык оптикалык аспапты орнотуу иштери июнь айында башталат.

28 Şubat 2021 15:57

Чыгыш Анадолу обсерваториясынын 95 пайызы курулуп бүттү. Обсерваториянын негизги жабдуусу болгон телескоп Италияда жасалып,  механикалык бөлүктөрү Түркияга алынып келди.

Механикалык бөлүктөр кампада сакталат

Учурда Эрзурум шаарында катаал кыш мезгили өкүм сүрүп тургандыктан телескоптун механикалык бөлүктөрү кампада сакталат. Кар эрип, күн жылыгандан кийин, телескопту монтаждоо жанна орнотуу иштери башталат.

Түркия жана Европадагы эң чоң обсерватория

Обсерватория деңиз дэңгээлинен 3170 бийиктиктеги Каракая тоосунда курулууда. Ал Түркия жана Европадагы эң чоң обсерватория болмокчу.  Асман жарык чыгаруучуларын жана андагы кубулуштарды байкоочу жана астрономия боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме алдыңкы  технологиялык жабдуулар менен жабдылат. Дизайны жана программалык жабдыгы Түркиялык адистерге таандык.

Anahtar Kelimeler: Обсерватория, телескоп,

Жаңылыктар