Дүйнөдөгү алгачкы жана жалгыз миниатюралык китеп музейи

Азербайжандын борбор шаары Бакудагы Миниатюралык китеп музейинде 66 өлкөдөн алынып келинген китептер көргөзмөгө коюлган.

10 Haziran 2022 22:03

Музейде 7,5 сантиметрден кичине китептер гана көргөзмөгө коюлат.

Адаттан тышкаркы музей Гиннестин рекорддор китебине да кирген.

Белгилүү азербайжандык сүрөтчү Тахир Салаховдун карындашы филолог Зарифе Салахова чет өлкөгө барган сайын миниатюралык китептерди сатып алып, алардын коллекциясын жыйнай баштаган. 

Кийинчерээк Азербайжандын президенттик аппараты колдоо көрсөтүп, миниатюралык китептердин музейи ачылган.

Музейдин эң маанилүү эмгектердин бири – 17-кылымга таандык ыйык Курандын кол жазмасы.

музейдеги эң кичинекей китеп - Японияда басылып чыккан 0,75х0,75 миллиметр өлчөмүндөгү «Төрт мезгилдин гүлдөрү» аттуу китеп. Жыйырма эки барактан турган бул китепти атайын микроскоп аркылуу гана окууга болот.

Музейде Түркиядан алынып барган экспонаттар да бар. Алар: «Деде Коркут», «Көрөглу», Ататүрктүн «Көзү», Алпаслан Түркештин «Докуз Ышык» китеби, Үмит Яшар Огузжандын поэзия китептери, Назым Хикмет жана Яшар Кемалдын китептери.

 

 

 

Жаңылыктар