Дүйнөгө таанымал «лазги» бийи

Байыркы «лазги» бийи өзбек элинин сыймыгы жана байлыгы.

26 Haziran 2021 10:50

«Лазги»–  Хорезм аймагына мүнөздүү байыркы элдик бий жана аны коштогон музыка. Ал өзбек маданиятында маанилүү орунду ээлейт.

Бий алгы сөз менен башталат. Андан соң мелодия башталат.

Бий 3 негизги бөлүмдөн турат.

  1. Адеп дегенде жай жана жөнөкөй ыргактагы кыймылдар аткарылат.
  2. Катары менен манжалар, билектер, ийиндер кыймылдап, акырындык менен бүт дене жандана баштайт.
  3. Бийчилерден шайдооттукту, ыкчамдыкты, чеберчиликти талап кылган татаал кыймылдар аткарылат.

Бийчилер мелодиянын ыргагына жараша жай жана учкул кыймылдарды алмаштырып турат.

«Лазги» бийи улуттук кийимдер жана ансамблдин коштоосунда көркөм көрүнөт.

Бүгүнкү күндө Хорезм аймагында «лазги» бийинин 9 түрү бар. Эң белгилүүлөрү «кайрык лазги», «дутар лазги», «сурнай лазги».

Андан сырткаты XX  кылымдан ортосунан бери акындар «лазги» мелодиясына ыр жаратып келишет.

Исламга чейинки доордо Хорезмде пайда болгон байыркы «Лазги» бийи ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Anahtar Kelimeler: «Лазги», элдик бий, өзбек маданияты,

Жаңылыктар