Дүйнөлүк биржаларда мунай жана жаратылыш газы кымбаттоодо

Орусия-Украина согушунан улам дүйнөлүк биржаларда мунай жана жаратылыш газы кымбаттады.

02 Mart 2022 15:18

Дүйнөлүк биржаларда жаратылыш газы кымбаттады. Бүгүн борбору Нидерландияда орун алган ТТФ фьючерстеринде жаратылыш газынын баасы мегаватт саатына 129 евродон ачылып, саат 10:43тө 138 еврого жетти. Бул көрсөткүч бир күн мурункуга салыштырмалуу 14 пайызга жогору.

Баанын жогорулашына Орусия-Украина согушу себеп болууда. Алсак,  согуштан улам газ берүү кыскарышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Андан сырткары Орусия Украинага бомба жана ракеталык чабуул жасап, анын кесепетинен жаратылыш газ инфраструктуралары бузулууда. Бул абалдан улам газ агымы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени божомолдонууда. Согуш улана турган болсо мунай жана жаратылыш газын жеткирген компанияларга да санкция киргизилиши мүмкүн. 

Белгилей кетсек өткөн аптада Германиянын бийлиги Орусиядан өзүнө көгүлтүр от алып өтүү үчүн курулган “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун сертификациялоо чараларын убактылуу токтотту.  Көп өтпөй АКШ "Түндүк Агым-2" компаниясына санкция салуу чечимин жарыялады.

Мунайдын баасы рекорддук чекке жетти

Украинадагы согуштун курчушу менен мунайдын баасы 2014-жылдын июлунан берки эң жогорку чекке жетти.

Брент үлгүсүндөгү мунайдынн баасы. кечээ күнү 104,97 долларды түзсө, бүгүн 7,12 долларга жогорулап, 112,4 долларды түздү.

West Texas үлгүсүндөгү чийки мунайдын баррели 110,7 долларга жетти.

АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн Орусияга карата жарыялаган экономикалык санкцияларынан кийин bp, Equinor жана Shell компаниялары өлкөдөгү инвестициясынан баш тартты. Франциянын TotalEnergies энергетикалык компаниясы  Орусиядагы жаңы долбоорлорго капитал жөнөтпөрүн жарыялады.  Америкалык ExxonMobil энергетикалык компаниясы Орусиядагы Сахалин-1 мунай жана жаратылыш газ кениндеги ишин токтоторун билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: мунай, жаратылыш газы,

Жаңылыктар