Даңазалуу Баласагын шаары

Баласагын шаары Жусуп Баласагындын киндик каны тамган жер болгон. Түрк тилдүү элдер шаарды байыртан байырлаган.

07 Ağustos 2021 22:22

Баласагын шаары тууралуу маалыматтар өтө аз болгондуктан, азыркы мезгилге чейин анын кайсы жерде экени так белгисиз. Бирок белгилүү тарыхчы-окумуштуулар, байыркы Баласагын шаары  Токмокко жакын Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаарчасынын уранды калдыгы Баласагын шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет.

Махмуд Кашгаринин  «Диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Баласагын шаары, Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилип, тоолор менен курчалып, борборго жайгаштырылган.

Такталган тарыхый маалыматтарда Баласагын шаары Түргөштөрдүн, Караханиддердин жана Кара кытайлардын саясий, экономикалык жана маданий борбору болгон.

Баласагын Карахандардын башкаруусунда турган учурда, IX-X-кылымда гүлдөгөн шаарга айланган. Кол өнөрчүлөрдүн, сооданын жана шаар маданиятынын борбору болгон.

Шаар аркылуу өсүп-өнүгүүгө жана маданиятка зор таасир тийгизген Улуу Жибек жолу өткөн.

XI кылымда Баласагын шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. 

Баласагун шаары XII кылымдарга чейин жашаган, бирок бул мезгилде анын мааниси мурдагыдай болбой калган. Шаардагы турмуш акырындап солгундап, эл шаарды таштап кете баштаган. Курулуштары урандыларга айланып, Баласагын шаары XII кылымда өзүнүн жашоосун биротоло токтоткон.

Anahtar Kelimeler: Баласагын шаары, Кыргызстан,

Жаңылыктар