Даанышман акын Юнус Эмре

Түрк тилинин өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон Юнус Эмре жарык дүйнө менен кош айтышканына 700 жыл толду. ЮНЕСКО 2021-жылды «Юнус Эмрени эскерүү жылы» деп жарыялады.

10 Aralık 2021 18:08

2021-жыл Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдогандын жарлыгы менен «Юнус Эмре жана түрк тилинин жылы» деп жарыяланган.

«Юнус Эмре жана түрк тилинин жылы» алкагында, бул жылы, Түркиянын аймагында жана чет мамлекеттерде бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Юнус Эмренин өмүр таржымалы

Юнус Эмренин качан жана кайсыл жерде туулгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Юнус Эмре 13-кылымда Анадолуда жашаган.

Юнус Эмре тууралуу алгачкы жана кеңири маалымат Узун Фирдевсинин Вилаятнама-и Хажы Бекташ-ы Вели чыгармасында айтылат. Бул чыгармада  Юнустун өмүрү төмөнкүчө баяндалат:

«Юнус Эмре Сарыкөйдө жашап, дыйканчылык менен оокат кылган кембагал адам болгон. Бир күнү буудай алуу үчүн Карахөйүккө барат. Хажы Бекташ-ы Вели менен кеп уруп, акыры кетээрде, Хажы Бекташ-ы Вели буудайдын оордуна «дем» берүүнү сунуштайт. Бирок, Юнус аны кабыл албай, буудайын артынып жолго чыгат. Айылга жакындап калганда катасын түшүнүп буудай эртең эле түгөнүп калат, бирок дем эч качан түгөнбөйт- деп, кайра Хажы Бекташ-ы Велиге барат. Хажы Бекташ-ы Вели кеч болуп калганын айтып, кулпунун ачкычын Тапдук Эмреге бердик, үлүшүңдү ошондон ал деп Таптук Эмреге жөнөтөт».

40 жыл отун ташыйт

Юнус Тапдук Эмреге барып, абалын айтат. Тапдук Эмре кызмат кылып, аракет кылса үлүшүн аларын айтат. Ошентип Юнус 40 жыл отун ташыйт.

Окумуштуулар Юнус Эмренин диний билими жөнүндө сөз кылышканда анын Таптук Эмренин муриди катары 40 жыл кызмат кылгандыгы жөнүндөгү уламышты чындыкка жакын деп эсептейт. Бул учурда Юнус Эмре диний билимин өркүндөткөн жана ырларында көптөгөн диний окуяларга орун берген.

Юнус Эмре билимин аяктагандан кийин туулуп-өскөн айылы Сарыкөйгө кайткан. Өмүрүнүн акырына чейин дыйканчылык менен алектенип, элге билим берген.

Акын кайсы жылы көз жумганы жөнүндө так маалымат жок. Бирок окумуштуулар 1320-жылы көз жумган деп эсептешет. Сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз. Түркиянын бир катар аймактарында жана Азербайжанда Юнус Эмреге таандык делген күмбөздөр бар.

Юнус Эмренин чыгармачылыгы

Толук кандуу изилдеп чыккан айрым мударистер Юнустун медреседе окуу менен бирге тарых, география жана философия сабактарын кадыресе өздөштүргөндүгүн тастыкташат. Юнустун ыр саптарын талдап отуруп, анын өз мезгилинде түрк тилинен сырткары араб жана фарс тилдерин мыкты өздөштүргөндүгүн байкоого болот. Ал Анадолуда өзүнүн өчпөс изин калтыруу менен түрк-ислам суфизм адабиятын негиздеген жана огуз түрктөрдүн оозеки тилин жазма тилдик калыпка салган.

Юнус Эмренин көбүнесе Кудайды таанып-билүүгө багытталган диний, дидактикалык ырларды жазып, ар бир сапты ийине жеткире иштеген. Ал өлүм, өмүр, дүйнө, тагдыр, чындык сыяктуу адам баласын ойлонто турган олуттуу темаларга кадыресе басым жасаган. Ошол темалардын түпкү манызында жаткан сырларды ачуу менен адамзаттын турмуш жолун, тагдыр таржымалын калыс жана адилеттүү баяндаган.

Юнус Эмре ыр саптарында өзүн «акындырдын устаты» деп сыпаттаган.

Anahtar Kelimeler: Юнус Эмре,

Жаңылыктар