30

Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата БА жана Кытай мамлекет башчыларынын онлайн саммити өттү

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин катышты.

26 Ocak 2022 18:50

Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын жамааттык жолугушуусу онлайн режиминде өттү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Борбор Азия мамлекеттери – Кытай” онлайн саммити Кытай тараптын демилгеси менен өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин катышты.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн акыркы 30 жылда эл аралык мамилелерде үлгү боло турган жакшы карым-катнаштарды өнүктүргөнүн белгиледи. Бул ийгиликтин сыры бири-бирин урматтоо, жакшы коңшулаштык, кыйын мезгилде тилектештик деп белгиледи ал.

"Эл аралык шарттар кандай гана өзгөрбөсүн, Кытай канчалык өнүкпөсүн, биз Борбор Азия өлкөлөрү таяна турган жакшы коңшу, өнөктөш жана боордош өлкө бойдон кала беребиз",-деди ал.

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы 30 жылда 100 эсе өскөнүн, Пекиндин аймактагы өлкөлөрөг түз инвестициясынын көлөмү 14 миллиард долларга жеткенин айтты.

Өз кезегинде Борбор Азияда чет элдик күчтөрдүн ыңкылап уюштуруусуна каршы экенин айтты.

Ошондой эле Казакстандагы акыркы окуяларга токтолуп, «Кытай Казакстандын стабилдүүлүктү камсыз кылуу жана зомбулукту токтотуу аракетин колдойт жана колдоону улантат. Кайраттуу, эмгекчил жана кайрымдуу казак эли, Президент Касым-Жомарт Токаевдин күчтүү жетекчилиги астында жаркын келечекке карай  ишенмдүү кадам таштайт деп ишенем»,-деди ал.

Anahtar Kelimeler: БА, Кытай,

Жаңылыктар