Домбра – казак элинин улуттук музыкалык аспабы

Домбра – казак элинин жан-дүйнөсүнүн азыгы, рухунун туу чокусу

05 Mayıs 2021 01:33

Домбра –  адамдардын турмуштук тажрыйбасын, эс-тутумун, ишенимин, үрп-адаттарын, философиялык көз караштарын атадан балага, муундан муунга өткөрүп берген бирден-бир музыкалык аспап.  Домбра күүсү казак элинин тарыхына байланышкан орчундуу окуяларды чагылдырып келет.

Домбрада чертилген чыгармалар «күй» деп аталат. Аспаптын коштоосунда обон, ыр, дастандар аткарылат.

Домбра казак  элинин каны-жаны менен кошо жаралып, байыркы доордон бери мурасталып, ушу күнгө чейин жеткен. Ар бир доор өзүнүн мыкты чеберин жараткан. Уламышта айтылган Кетбука, Асан Кайгы, Карт Ногай алдыңкы чеберлер катары таанымал.

Бүгүнкү күндө эки башка домбра мектеби бар деп айтууга болот. Бул экөө бири-биринен үнү, чертүү техникасы жана домбранын түзүлүшү жагынан  айырмаланып турат. Алсак Домбранын Чыгыш Казакстанга тараганы моюну жоонураак жана кыскараак келип, 7–8 беренелүү, Батыш Казакстанга тараганы, тескерисинче, мойну ичке келип, 14–17 беренелүү. Чыгыш Казакстанда домбра күүсү назик жана эмоционалдуу чыкса, Батыш Казакстанда тараган күүлөр талаштуу маселелерге негизделген.

Anahtar Kelimeler: Домбра, казак элинин улуттук музыкалык аспабы,

Жаңылыктар