Доппи-өзбек элинин салттуу баш кийимдеринин бири

Өзбек элинин салттуу баш кийими «доппи» азыр да кеңири колдонулат.

25 Şubat 2022 21:31

Доппи — тегерек баш кийим. Илгери ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып, бүйрө тигилип, кездеме менен ичтелип кештеленген.

Жети жаштагы баладан жетимиш жашка чейинки аталар ардактап кийген допинин өзбек маданиятында маанилүү орду бар.

Доппи илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, элдин тагдырына бекем байланат. Доппи –  өзбек элинин улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк.

Өзбекстанда доппинин бир нече түрү бар. Ал кыз-келиндер да, эркек кишилер да кийип жүргөнгө ылайыктуу.

Ар бир аймактын өзүнө таандык допписи бар. Эң кеңири тарагандры Чуст, Анжиян, Ташкент, Самарканд, Бухара, Бойсун, Шахрисабз доппилери.

Өзбек маданиятынын маанилүү символдорунун бири болгон доппини жасоо зор эмгекти талап кылат. Доппи жасаган уздарды доппидоз деп аташат. Алар доппилердин ар кандай түрлөрүн жасап, чеберчилигин жаңы муундарга өткөрүп беришет.

Калпак атуу оюну

Өзбекстанда балдар арасында калпак атуу оюну бар. Оюндун максаты - доппини мүмкүн болушунча алыска ыргытуу.

Ар бир оюнчу кезек менен доппини ыргытат. Доппини алыска ыргыткан бала оюнду жеңет. Жеңүүчү утулгандардан даракты айланып секирип, ырдап же ырды жатка айтып берүүсүн талап кылат.

Anahtar Kelimeler: Доппи, Өзбек эли, салттуу баш кийим,

Жаңылыктар