Дутар —  түркмөн  элинин улуттук музыкалык аспабы

Түркмөндөрдө дутар жасоо салты жана дутар чертүү искусствосу адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине кирген.

11 Şubat 2022 19:11

Дутар  – байыркы кылдуу музыкалык аспап.

Дутардын күүсү түркмөн элинин жүрөгүндө жаңырып, баатырдык окуяларды, элдин кайгы-муңун, сүйүнүчүн, кубанычын мыкты чеберчилик менен жеткирет.

Эл арасында дутарды Камбар ата ойлоп тапкан деген кеп тараган.

«Камбар ата Азирети Алинин жылкысы болгон. Күндөрдүн биринде Камбар ата баккан аргымак арыктап, алсырай баштайт имиш. Азирети Али аргымак эмне себептен улам алдан тайып бара жатканын билүү үчүн, Камбар атага айттырбай, бир күнү капилеттен чыга келет. Ал келгенде Камбар ата күү чертип отурган болот. Аргымак да күүнү берилип угуп аткан кези экен. Азирети Али, «бул эмне деген аспап? Ким ойлоп тапты?» деп сурайт. Камбар ата «бул аспаптын аты дутар, жыгачтан өзүм жасадым. Алгач доошу келбей жатты эле, шайтандын жардамы менен доошу жакшы чыга баштады» деп жооп берет.

Түркмөнстанда Камбар атанын эки башка күмбөзү бар. Алардын бири Мерв шаарында болсо, экинчиси Каверс аймагында жайгашкан. Эл арасында, Камбар атанын күмбөзүндө үч күн үч түн түнөгөн киши акындык менен оозанып, бакшы болот деген ишеним кеңири тараган.

Дутардын тулкусу алмурут түспөлүндө келип, тыт жыгачынан чабылат.

Моюну узун, 13–14 беренеге бөлүнгөн.

Эки кылдуу; жибек же ичеги кыл тагылат. Добушу назик.

Дутар түркмөн элинин арасында кеңири тараган.

Дутар негизинен квартага, кээде квинтага күүлөнөт.

Дутар жеке жана коштоочу аспап катары пайдаланылат. Дутардын прима, альт, бас, контрабас түрлөрү өркүндөтүлгөн. Дутардын беренеси 20га жетип, доошу бийиктелет.

Anahtar Kelimeler: Дутар, аспап, түркмөн,

Жаңылыктар