ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары аймактагы геосаясий абалды талкуулады

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп, анда аймактагы геосаясий абал талкууланды

25 Şubat 2022 16:45

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы астында Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курмадагы жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышты.

Смаилов өз сөзүндө региондогу геосаясий чыңалуу жана инфляция ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн маанилүү маселе бойдон калууда деп баса белгиледи.

Ал ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүнүн көлөмү 2021-жылы 18 пайызга өскөнүн, бирок бул көрсөткүч, ички рыноктун ырааттуу өнүгүшү үчүн жетишсиз экенин белгиледи.

«Өз ара сооданы арттыруу үчүн ички рыноктогу тоскоолдуктарды сөзсүз алып саоуу зарыл»,- деди ал.

Акылбек Жапаров ЕАЭБде кризиске каршы фонд түзүүнү сунуштады

Орусиянын өкмөт башчысы М. Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү тышкы кысымдарга карабастан кызматташтыкты чыңдоого аракет кылып жатканын баса белгилеп: «Бүгүнкү жолугушуу тышкы басымдарга жана батыш өлкөлөрүнүн бөлүп-жаруу аракеттерине карабастан, бардык шарттарда жана тармактарда кызматташуубузду бекемдөөгө аракет кылып жатканыбыздын эң далили»,-деди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында учурда макроэкономикалык толкундоолор дээрлик бардык мамлекеттердин башынан өтүп жатканын белгиледи. Андан сырткары Евразия экономикалык биримдигинин системасында жөнгө салуучу алгоритмдер жок экенин белгиледи. ЕАЭБ тышкы экономикалык басым боюнча биргелешкен чараларды көрүүсү зарылдыгын айтты.

«Биз өнүктүрүү программаларын каржылоонун ийкемдүү жана жеңилдетилген инструменттери менен өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган Евразиялык кризиске каршы фонд түзүүнү ойлонушубуз керек», - деди ал.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылууда.

 

Anahtar Kelimeler: ЕАЭБ,

Жаңылыктар