Эдил Байсалов АКШ Мамкатчысынын орун басары Узра Зея менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

15 Nisan 2022 18:55

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея АКШнын Кыргыз Республикасы менен өз ара мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун белгиледи. Ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы демократиялык укуктар маселеси боюнча өз ара мамилелердин жаңы баракчасын ачты.

Эдил Байсалов биздин өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын белгилеп, ошондой эле өлкө жетекчилигинин АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан,

Жаңылыктар