Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер экологиялык таза энергия жаатындагы  кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты

Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин 4-жыйыны онлайн форматта өттү.

24 Haziran 2021 22:50

Жыйынга Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Иран ж.б. өлкөлөрдүн энергетика министрлери жана жооптуу кызмат адамдары катышты. Түркиянын атынан Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез катышты.

Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазовдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда, ич ара энергия жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланып, долбоорлорду кандай жолдор менен иш жүзүнө ашыруу керектиги тууралуу сөз болду. 

Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов Азербайжандын мунай жана жаратылыш газ долбоорлору жөнүндө маалымат берди.

Анын маалыматына караганда Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу бүгүнкү күнгө чейин 438 миллион тоннадан ашык Азербайжан мунайы Түркияга жана дүйнөлүк базарга чыккан. Жаратылыш газ түтүктөрү аркылуу Түркияга 82 миллиард куб метр табигый газ жеткирилген. Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу акыркы 3 жылда Түркмөнстандын  20,7 миллион тонна чийки мунай заты, ал эми өткөн жылы Казакстандын 106 миң тонна мунайы ташылып өткөн. Ал эми ТАНАП кууру аркылуу быйыл Түркияга 2,5 миллиард куб метр, TАП кууру аркылуу Европага 2,8 миллиард куб метр жаратылыш газы  экспорттолгон.

Баку декларациясы

Жыйын жыйынтыгында Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер экологиялык таза энергия жаатындагы  кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашып, «Баку декларациясын» кабыл алышты.

Жыйын жыйынтыгында Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алдыдагы 10 жылдык планын камтыган «Энергия стратегиясы», «иш-аракеттер планы», «Таза энергия борборунун уставы» жана «Аймактык электр базарынын жол картасы» кабыл алынды.

Anahtar Kelimeler: Экономикалык Кызматташтык Уюму, Баку декларациясы, экологиялык таза энергия,

Жаңылыктар