Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселесин талкуулашты

Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сүлейман Сойлу “Кырсыкка туруштук бере турган коомду түзүү– экономикалык өнүгүүнүн маанилүү элементи.

17 Mart 2021 17:25

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча 8-жыйын онлайн форматта өттү.

Жыйынга ЭКУнун Башкы катчысы Др. Хади Солейманпур, Кыргызстан, Түркия, Афганистан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлери жана Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сүлейман Сойлу катышты.

Сүлейман Сойлу жыйындагы кайрылуусунда пандемия көйгөйүнө токтолду.

Дүйнөнүн өнүккөн алдыңкы мамлекеттери пандемия учурунда эмне кылаарын билбей калышты. Көзгө көрүнбөгөн вирус дүйнө жүзүнө жайылып, ар кандай көйгөйдү жеңем деген ишенимде болгон өнүккөн өлкөлөргө өзгөчө таасир этти. Андыктан дүйнө элдери акчаны эмес, коопсуздук, тынчтык жана бир туугандыкты баалап, глобалдашуу процессинде ушул маселелерге көбүрөөк көңүл бурушу керек экенин белгиледи.  

Ал, жер титирөө, климаттын өзгөрүшү же эпидемия чек ара тааныбаарын белгилеп өттү. Соңку жылдары табигый кырсыктардын таасири кеңейип, адамдардын өлүмү жана экономикалык чыгым көбөйгөнүн айтты.

«Табигый кырсыктар өзүнөн-өзү эле бүтпөйт, бирок конференцияга катышкан өлкөлөрдүн кызматташтыгы, алардын бири-бири менен бөлүшө турган тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү менен зыянды азайтууга болот»,- деп билдирди ал.

Мармарадагы жер титирөө кырсыктарды жөнгө салууда жаңы этаптын башаты болду

Түркиянын Мармара аймагында 1999-жылы жер титирөө болгон. Бул окуя табигый кырсыктарды башкарууда жаңы этаптын башаты болуп калды. Сүлейман Сойлунун маалыматына караганда Мармарадагы жер титирөөдөн кийин кырсыкты башкаруу ыкмасы үч категорияга бөлүндү: кырсыкка чейин, кырсык болгон учур жана кырсыктан кийинки абал. Анын алкагында 2016-жылы Табигый кырсык коркунучун азайтуу планы иштелип чыкты. Пландын негизинде ар бир облус боюнча өз алдынча план даярдалып, 7 облустагы пландар толук ишке ашырылды. Калган облустардагы пландар жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Андан сырткары адистерди машыктырууга өзгөчө көңүл бурулду. 2020-жылы облустук деңгээлде 65, аймактык деңгээлде 9 машыгуу өткөрүлдү. 2021-жылы эл аралык деңгээлде 1, аймактык деңгээлде 10, ал эми облустук деңгээлде 66 машыгуу өткөрүү пландалууда.

Азыркы күнгө чейин 2 миллион 858 миң жаран табигый кырсык боюнча атайын даярдыктан өттү

Сүлеймен Сойлу Түркиянын мекемелери өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууга толук даяр экендигин айтты.

Министрдин маалыматына караганда Түркияда азыркы күнгө чейин 2 миллион 858 миң жаран табигый кырсык боюнча атайын даярдыктан өттү. Андан сырткары адистешкен 5060 кызматкер иштейт. 2021-жылы 51 миллион жаранды окутуу пландалууда. Анын алкагында жарандар табигый кырсыктар учурунда коопсуз жүрүм-турумга окутуп-үйрөтүлөт.

Сүлейман Сойлу 2020-жылы Түркиянын аймагында жер титирөөлөр көп катталганын белгилөө менен бирге табигый кырсыктарды таасирин азайтуу жатында алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын баса белгиледи. Алсак 2020-жылы Элазыг жана Малатия облустарындагы жер титирөөдөн кийин анын кесепеттери дароо эсептелип, жер титирөөгө туруштук бере алган жаңы үйлөр салына баштады. Бардыгы биригип 26 000 турак жай салуу пландаштырылган. Алардын 8000инин курулуш иштери бүткөрүлүп, жарандарга тапшырылды. Калган турак жайлар жыл аягына чейин тапшырылат.

Ал эми Измир шаарында 5000 турак жайдын пайдубалы түптөлдү.

Түркия өз аймагында гана эмес Сириянын Идлиб шаарындагы турак жайларды да калыбына келтирүүдө. Алсак азыркы күнгө чейин шаарга 32 миң 134 брикет үй салынды. Дагы 8229 үй салынып жатат.

Табигый ресурстарды кырсыктын алдын алууга жумшоо зарыл

Министрдин маалыматына караганда Түркияда жер титирөө 2019-2020-жылдары 43 пайызга көбөйдү. Ал баса белгилегендей кырсыкка туруштук бере турган коомду түзүү– экономикалык өнүгүүнүн маанилүү элементи. Ал эми табигый ресурстарды кырсыктын кесепетин жоюуу үчүн эмес, кырсыктын алдын алууга жумшоо зарыл.

 

Anahtar Kelimeler: Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, Сүлейман Сойлу,

Жаңылыктар