Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы шайлоого баасын берүүдө

Эл аралык байкоочулар 28-ноябрда, Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилөөдө.

29 Kasım 2021 12:55

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар өз баасын бере баштады.

Түрк тилдүү парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) келген байкоочулар дагы шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат берди. Түркиянын депутаты Режеп Шекер Кыргызстанда шайлоо жогорку уюшкандыкта, Кыргызстандын жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн, өзгөчө майыптыгы бар жарандарга бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи.
Түрк мамлекеттер уюмунун байкоочулар миссиясы да парламенттик шайлоонун өтүшүнө оң баасын берди.

Аталган миссиянын башчысы Гизмат Гозаловдун айтымында, жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округу боюнча жана бир мандаттуу округдардагы талапкерлерге добуш бере алышты.

“Миссия шайлоо күрөөсүнүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүшүн, ошондой эле майыптыгы бар жана айымдарга квота бөлүнгөнүн колдойт. Кыргызстандагы №2 форманын жоюлушун миссия туура деп эсептейт”, - дейт ал.

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялуу өттү деп тааныды. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде ШКУнун башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов билдирди.

Анын айтымында, миссияга илимий, мыйзам чыгаруу жана шайлоо ведомстволорунан, ШКУ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлдөрү жана ШКУ катчылыгынын кызмат адамдарынан жалпы 19 байкоочу катышты.

“Биз өз ишибизде президенттик жана парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумда ШКУнун байкоочуларынын миссиясы жөнүндө жобону жетекчиликке алдык. Ошону менен бирге саясий бейтараптуулуктун, объективдүүлүктүн жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөчүлүктүн принциптерин, КР Улуттук мыйзамдарын так сактоо менен ЖК депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын иштелип чыккан иш программасына ылайык өз ишин жүргүздү иш жүргүздүк”, - деди ал.

Кыргызстандагы шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өткөнүн  Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) байкоочулар миссиясынын башчы катчысы Адамо Баубокар да билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар