iv-11

Эл аралык IV Ысык-Көл форуму 11-декабрда Бишкекте өтөт

Айтматовдун Ысык-Көл форуму 2020-жылдын 11-декабрында өз ишин баштаганы турат.

09 Aralık 2020 22:40

2020-жылдын 11-декабрында, Эл аралык IV Ысык-Көл форуму Бишкекте өз ишин баштаганы турат. Айтматовдун жаркын элесине арналган иш чараны өткөрүүгө, Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги жана Юнус Эмре Институту колдоо көрсөтөт.

Уюштуруучулар белгилешкендей, форумдун жүрүшүндө санитардык чаралар так аткарылат.

Форумду бул ирээт, эки бөлүк менен өткөрүү пландаштырылган. Ага ылайык, форумдун 1-бөлүгү Чыңгыз Айтматовдун тулган күнүнө карата 2020-жылдын 11-декабрында Кыргызстандын Бишкек шаарында өтсө, 2-бөлүгү  2021-жыл 9-10-июнь күндөрү Анкара шаарында өтөт.

Чыгыш менен батышты бириктирген Анадолу маданият долбоорлорунун платформасынын жетекчиси Өмер Эрдогандын маалыматына караганда, форумдун ачылышына Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министринин орун басары Надир Алпарслан, эл өкүлү, Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Асуман Эрдоган, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин президенти жана Кония шаарнын мэри Угур Ибрахим Аталай, Хажы Байрам Вели атындагы университеттин ректору проф. др. Юсуф Текин, «Маариф» фондунун директору проф.др.Бирол Акгүн жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев онлайн форматта катышат.

Ал эми Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, экс вицe-премьер-министр Жумагул Сааданбеков, Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору проф.др. Абдылдажан Акматалиев, Чыңгыз Айтматов атындагы сузейдин директору Элдар Айтматов жана Ысык-Көл форунун баш катчысы, журналист Ассоль Молдакматова баяндама жасайт.

Ал эми Анкара шаарында өтө турган форумдун экинчи бөлүгүнө, бир катар өлкөлөрдөн белгилүү академиктер, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылат. Форумдун жүрүшүндө окула турган баяндамалар кийинчерээк китеп болуп чыгат. Ал түрк тилине жана башка тилдерге которулат.

Ысык-Көл форумунун тарыхы

Ысык-Көл форуму Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун демилгеси менен 1986-ж. октябрда уюшулган. Форумда жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө ой-толгоолор ортого салынган. Ысык-Көл форумунун президенттигине Ч. Айтматов шайланган.

Форумдун мүчөлөрү Англиядан театр жана кино актёру, режиссёр, драмачы, продюсер, сценарист, колумнист, радиотеле алып баруучу Питер Устинов, АКШдан окумуштуу футуролог, философ, социолог, индустриялдык коомдон кийинки жагдайлар боюнча концепциянын авторлорунун бири Олвин Тоффлер жана анын көптөгөн эмгектеринин шериктеши, зайыбы Хейди Тоффлер; жазуучу, драмачы, коомдук ишмер Артур Ашер Миллер, белгилүү сүрөтчү-фотограф Инга Миллер, романчы, публицист, драмачы, адам укуктарын коргоочу Джеймс Артур Болдуин жана анын бир тууганы актёр Дэвид Болдуин, Эфиопиядан айкелчи, живописчи, график, дизайнер, СССРдин көркөм сүрөт академиясынын академиги Афэулок Тэкле, Франциядан Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу-романчы Клод Симон, Италиядан Рим клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана ошол кездеги төрагасы, Александр Кинг, Кубадан журналист жана жазуучу, дипломат, Латын Америка адабиятындагы документалдуу көркөм жанрды баштоочулардын бири Лисандро Отеро, Италиядан физик Аугусто Форти, Түркиядан музыкант, аткаруучу, композитор, жазуучу, кинорежиссёр, саясий ишмер Зүлфү Ливанели,  прозаик Яшар Кемаль, Испаниядан окумуштуу, саясатчы, мамлекеттик ишмер, жазуучу, акын, кийин ЮНЕСКОнун башкы катчысы болгон Федерико Майор, Индиядан улуттук бий жана музыка теориясы боюнча теоретик В.К.Нараяна Менон болгон.

Ал эми 1997-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөн II Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк лидерлер менен катар Түркия Республикасынын ошол кездеги президенти Сулейман Демирел катышкан.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды Чыңгыз Айтматовду эскерүү жылы деп жарыялаган. 2018-жылы III Ысык-Көл форуму өткөн.   Ага 25 өлкөдөн 155 конок катышкан. ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү келишкен.

Жаңылыктар