30

Эл аралык Түрк академиясы «Түрк интеграциясынын 30 жылдыгы» аталыштагы конференция уюштурду

Онлайн форматта өткөн жыйынга Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Түрк мамлекеттери уюмунун мурдагы башкы катчысы Халил Акынжы, Азербайжандын экс-премьер-министри Хасан Гасанов, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин Казакстандык өкүлү Икрам Адырбеков, элчилер, депутаттар, окумуштуулар жана адистер катышты.

11 Mart 2022 22:18

Түрк мамлекеттери уюмунун мурдагы башкы катчысы Халил Акынжы жыйында сүйлөгөн сөзүндө, түрк мамлекеттери геосаясий жактан күчтүү мамлекеттердин чок ортосунда жайгашканын эске салып, 21-кылымда түрк тилдүү мамлекеттер биргелеше иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.

Жыйын алкагында боордош мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсү-30» китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали бул китепти басып чыгаруудагы негизги максат-боордош өлкөлөрдүн 30 жылдык кызматташтыгына баа берүү болгонун билдирди.

Китепте түрк тилдүү мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы 30 жылдык кызматташтыктын өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана элчилердин, эксперттердин жана илимпоздордун эскерүүлөрү жана ой-пикирлери камтылган.

Anahtar Kelimeler: Түрк интеграциясы,

Жаңылыктар