Эл аралык Түрк академиясында Нооруз майрамы белгиленди

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында жайгашкан Эл аралык Түрк академиясында улустун улуу күнү Нооруз майрамы белгиленди.

21 Mart 2022 16:42

Академиянын президенти Дархан Кыдырали уюштурган иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Венгрия, Монголия жана Тажикстандын элчилери, дипломаттар, илимпоздор, депутаттар жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жаз майрамы Нооруздун урматына дипломатиялык жарманке өтүп, ага чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү катышты.  Алар өздөрүнүн улуттук тамактарын, ар кандай сувенирлерди, колдон жасалган жана дизайнерлик буюмдарды көрсөтүштү. 

Академиянын президенти Дархан Кыдырали жалпы түрк дүйнөсүн Нооруз майрамы менен жылуу куттуктады. 

Анын айтымында Эл аралык Түрк акадамиясы жыл өткөн сайын кеңейүүдө. Алсак бул жылкы майрамдык салтанатка Тажикстан да катышты. Өзбекстан академияга мүчө болуу үчүн арыз берсе, Түркмөнстан академияга мүчө болуу ниетин билдирди.

Белгилей кетсек байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.

Бүгүн, Нооруз майрамы бир катар мамлекеттерде шаңдуу белгиленүүдө. 

Anahtar Kelimeler: Нооруз, Эл аралык Түрк академиясы,

Жаңылыктар