Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Эл аралык Түрк академиясына мүчө өлкөлөр болгон Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан орто мектептердин окуу планына «Жалпы түрк тарыхы», «Жалпы түрк адабияты» жана «Түрк дүйнөсүнүн географиясы» окуу китептерин кошуу боюнча жыйынтыктоочу чечим кабыл алды.

24 Haziran 2022 21:27

Нур-Султан шаарында Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин V жыйыны болуп өттү.

Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали төрагалык кылган жыйынга Казакстандын билим берүү министри Асат Аймаганбетов, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек, Азербайжандын билим берүү министри Эмин Амруллаев, Кыргызстандын билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жана Казакстан Республикасындагы дипломаттар катышты.

Жыйында «Жалпы түрк тарыхы», «Жалпы түрк адабияты» жана «Түрк дүйнөсүнүн географиясы» окуу китептери боюнча жыйынтыктоочу чечим кабыл алынды. Бир тууган мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусун арттырууга багытталган окуу китептери түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде берилген тапшырмаларга ылайык даярдалган.

Ушул жылы Нур-Султан шаарында өткөн Илимий кеңеште кабыл алынган протоколго ылайык, тараптар жалпы окуу китептеринин программаларын жана тексттерин бекитип, алардын өз өлкөлөрүнүн орто билим берүү мекемелеринде окутулушун жана студенттер арасында кеңири жайылышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурат.

Жыйында академиянын башчысы 2022-жылдагы пландары менен тааныштырды.

Илимий кеңештин мүчөлөрү аткарылган иштерди жогору баалап, академиянын 2022-жылга карата иш планын бекитти.

Кеңештин мүчөлөрү түрк дүйнөсүнүн юбилейлик даталарынын тизмесин, жалпы окуу китептерин, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү кызматташтыкты, илимий-изилдөө долбоорлорунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жыйын жыйынтыгында тилчи жана түрколог Ахмет Байтурсынулынын 150 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү.

Назарбаев атындагы университте өткөн конференция алкагында «Түркстан», «Түрк дүйнөсүнүн инсандары», «Ахмет Байтурсынулы жана Алаш» китептеринин казак жана түрк тилиндеги нускаларынын бет ачары өттү.

Жаңылыктар