3

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун "3 акын" долбоору

Түрк дүйнөсүнүн үч улуу акыны Юнус Эмре, Ашык Аласгар жана Жамбыл Жабаевдин портреттерин камтыган почта маркасы чыгарылды.

05 Mart 2022 16:56

Маркаларды Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду иштеп чыгып, Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүгүү жана транспорт министрлигине караштуу Азерпосттон басылып чыкты.

Почта марксында мындан 700 жыл мурда көзү өтүп кеткен түрк адабиятынын көрүнүктүү акыны Юнус Эмренин, азербайжан поэзиясынын алдыңкы өкүлү Ашык Аласгардын жана Казакстандын элдик акыны Жамбыл Жабаевдин элестери түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек бул жылы, Ашык Аласгардын 200, Жамбыл Жабаевдин  75 жылдыгы белгиленүүдө.

Долбоор, үч акынды дагы көбүрөөк аудиторияга танытуу максатын көздөйт.

Автору Орхан Караев

Түрк Кеңеши

1991-жылы СССРдин ыдырашы менен түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити өтө баштаган. 3 октябрь 2009 жылы Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан Нахичеван келишимине кол коюшкан.

2010-жылдын 15-16-сентябрында Стамбулда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 10-саммити өтүп,  расмий түрдө «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши» же кыскача «Түрк Кеңеши» түзүлгөнү жарыяланган.

Кеңеш улам кеңейип, ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктү.

Заманбап түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген эл аралык уюмдун негизги максаты — кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Түрк кеңешинин 2011-жылдагы саммити Алматыда өткөн. «Экономикалык жана коммерциялык кызматташтык» темасы менен өткөн саммитте «Түрк ишкерлер кеңеши» түзүлгөн.

2018-жылы Түрк кеңешинин 6-саммити Кыргызстанда өтүп, анда Венгрия байкоочу мүчө катары кабыл алынган.

Ал эми 2019-жылы Бакуда 7-саммит өтүп, анда Өзбекстан Түрк кеңешине толук кандуу мүчө болгон.

Кеңештин алдында ТҮРКСОЙ, ТүркПА (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы), Түрк Ишкерлер Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк Кеңешинин Биргелешкен Соода жана өнөр жай палатасы сыяктуу уюмдар иштейт.

Түрк кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Дүйнөлүк Бажы Уюму (ДСУ) сыяктуу көптөгөн маанилүү эл аралык уюмдар менен өнөктөш.

Түрк мамлекеттер уюму

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Саммити 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына жакын жердеги демократия жана эркиндик аралында президент Режеп Таййип Эрдогандын төгаралыгы алдында «Жашыл технологиялар жана санариптик доордо акылдуу шаарлар» темасы менен өттү.  Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмдун төрагалыгы Азербайжандан Түркияга өттү.

Саммиттин эң маанилүү чечими Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин аталышын өзгөртүү жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) макамын жогорулатуу болду. 

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды.

Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.

Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүгө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.

Катчылыгы Стамбулда жайгашкан, башкатчысы — Багдад Амреев. 

 

Anahtar Kelimeler: Юнус Эмре, Ашык Аласгар, Жамбыл Жабаев,

Жаңылыктар