Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүүсү

Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду Казакстан Республикасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

07 Ocak 2022 10:32

Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти, элчи Гүнай Эфендиева  Казакстанда стабилдүүлүк тез арада орнойт деп ишенерин билдирди.

"Кылымдарды карыткан каада-салты бар боордош казак эли бул кыйынчылыктарды кайталангыс акылмандыгы менен жеңип, түрк дүйнөсүнүн жана түрк биримдигинин негизги түркүктөрүнүн бири катары өзүнүн руханий байлыгы менен тынчтыкта ​​жана коопсуздукта өнүгүп, мурдагыдай эле зор ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз. Казакстанга ар дайым колдоо көрсөтөөрүбүздү билдирип, стабилдүүлүк тез арада орнойт деп чын жүрөктөн ишенебиз. Боордош казак элине бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайбыз. Окуя учурунда каза болгондордун жакындарын көңүл айтып, жаралуулардын тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз",- деп айтылат билдирүүдө.

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар