Элазыгда Урарту дооруна таандык ибадаткана табылды

Элазыг облусунданы тарыхый Харпут чебинен 2 миң 800 жылдык ачык асман алдындагы ибадаткананын аймагы табылды.

18 Nisan 2021 18:41

Байыркы аянт Харпут чебинин  түштүк-батыш бөлүгүнөн табылды. Адистер бул аянт, ибадатканга таандык болгонун айтышууда. Бул жакта диний жөрөлгөлөр өткөрүлүп, мал союлуп турган деп божомолдошууда.

Аянт Фырат Университетинин мугалими проф. д-р Исмаил Айтач жетектеген команда тарабынан аныкталып, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Исмаил Айтач баса белгигендей Харпут чеби байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн цивилизациялардын борбору болуп турган. Археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында ар башка доорго таандык балуулуктар чыгарылып, ар бири терең иликтенип келет. Жаңы табылган аянт тарыхый жана маданий жактан ири мааниге ээ.

Согуш кудайы "Халди" үчүн ырым-жырымдар өткөрүлүп турган

Исмаил Айтач бул жерде Согуш кудайы "Халди" үчүн ырым-жырымдар өткөрүлүп турган деп эсептейт. Бирок урартулар бир эле кудайга эмес, бир канча кудайга сыйынгандыктан, башка кудайлардын айкелдерин аймактын ар кайсы жерлерине жайгаштырган болушу мүмкүн.

Жаңы табылга ЮНЕСКОнун резервдик тизмесинде турган Харпут чебинин  негизги тизмеге киришине салым кошмокчу.

Учурда Харпут чебиндеги ыйык жерлерди реставрациялап, элге ачуу караштырылууда. Бул жаатта Элазыг облустук губернаторлугу, Фырат университетинин атайын администрациясы, Маданият жана Туризм министрлиги биргелеше иш алып барууда.

 

 

Anahtar Kelimeler: Элазыг, Урарту, Харпут чеби,

Жаңылыктар