Элечек кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими

Кыргыздын улуттук баш кийими элечек баа жеткис байлык катары муундан муунга өткөрүлүп келет.

13 Nisan 2022 14:29

Кыргыз кийиминин, анын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышы элдин этникалык тарыхы менен ажырагыс байланышкан. Чарбачылыктын шарты жашоо ыңгайы, табигый жагдайлар, кыргыздын урук-уруу топторунун кочуп- конуусу, соода байланыштары кийимдин өнүгүшүнө таасирин тийгизген. Кыргыздардын элдик кийимдери элдин турмуш шартына, эстетикалык ыкка, керектөөлөргө ылайыкташтырылган. Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечектин дагы оз тарыхы жана даярдоо ыкмалары бар. Алардын бири элечек.

Элечек-аялдардын баш кийимдеринин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон бул баш кийимдин баш кеп,сала коймо,ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.

Элечектин оролмолоруна жука ак кездеме же даки колдонулган. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. Кээ бир учурда бала ороого же жараат таңууга да керектешкен.

Элечекти айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган.

Элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкөн эмес.

 

Anahtar Kelimeler: Элечек, кыргыз эли, улуттук баш кийим,

Жаңылыктар