Эмир Тимур салдырган Арыстан Баб (Арстанбап) күмбөзү

Арыстан Баб күмбөзү – байыркы Отрардан калган тарыхый архитектуралык эстелик.

22 Mayıs 2021 12:09

Арыстан Баб жалпы түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде кыргыз элинин да руханий табериктеринин бири Кул Кожо Ахмет Ясавинин устаты жана окутуучусу болгон.

Арыстан Баб күмбөзү XIV кылымда Эмир Тимурдун буйругу менен салынган. Күмбөз, куполу, мунарасы жана ички архитектурасы менен өзгөчөлөнүп турат.

Күмбөз Казакстандын Түркстан облусунда орун алган.

Күмбөздүн сол жагында Арыстан Бабдын жана анын шакирттеринин мүрзө таштары, оң жагында мечит жайгашкан. Андан сырткары Курандын үлгүлөрү коюлган атайын бөлмө орун алган.

1900-жылдары Сырдарыя ташып, аймакты сел каптаганда күмбөз олуттуу зыянга учураган. Бирок жергиликтүү тургундардын жардамы менен 1909-жылы кайра калыбына келтирилген.

Арыстан Баб күмбөзүн казак эли теңирдин мээри түшкөн, касиеттүү жер деп эсептешет. Азыркы кезде да Арыстан Баб күмбөзүнө ден соолук тилеп, бала тилеп, ага таазим кылып баргандар көп. 

Күмбөз 1982-жылы мамлекеттин коргоосуна алынган.

Anahtar Kelimeler: Арыстан Баб (Арстанбап) күмбөзү, Казакстан, Түркстан,

Жаңылыктар