Эрендердин эр оюну көк бөрүнү баяндоо-бул өзгөчө искусство

Көк бөрү баяндамачары бирде толкунданып, бирде тамашалуу сатиралары менен элди күлкүгө бөлөйт.

10 Nisan 2021 13:18

Кыргыздын байыртан келе жаткан, көчмөндүк жашоо образынан, жоокердик салтынан калган улуттук ат оюндарынын бири -көк бөрү.

Соңку жылдары Кыргызстанда бул оюн эрежеге салынып, атайын ат майданда өткөрүлүп келүүдө. Күйөрмандар арасында эң популярдуу улуттук оюндардын бири.

Ал эми көк бөрүнү баяндап, элге толкундануу менен жеткирип берүү-бул өзгөчө искусство. Кыргызстандын көк бөрү баяндамачылары бул жагынан алдыга эч кимди чыгарбайт.  Бирде толкунданып, бирде тамашалуу сатиралары менен элди күлкүгө бөлөп, эң сонун убакыт тартуулашат.

Баяндамачылар муундан муунга өтүп келе жаткан көк бөрүнүн маани маңызын элге жеткирип, жаштарды кайраттуулукка жана мекенчилдикке үндөшөт. Оюндун жүрүшүн элге жеткирип жаткан учурда кыргыздын макал-лакаптарын жана накыл сөздөрүн кеңири колдонушат.

Кээде оюнчуларды шыктандырып, ураан чакырышат. Айрым учуруларда ипподромдо тартипти сактабаган күйөрмандарга эскертүү берип, жемелеп коймой жайлары да бар.

Көк бөрүКыргызстанда абдан популярдуу оюн

Эрлан Шатемиров Кыргызстандагы белгилүү баяндамачылардын бири.

«Көк бөрү–Кыргызстанда абдан популярдуу оюн. Майрам сайын ипподромдо ар кандай ат оюндары өткөрүлүп турат. Мен 5 жылдан бери көрүүчүлөргө көк бөрүнү баяндап келе жатам. Көрүүчүлөргө оюнду толкундануу менен жеткирип, ошол эле учурда алардын көңүлүн ачууга аракет кылам»,-дейт ал.

«Ата-бабалардан калган көк бөрүнү жеткиликтүү кылып айтып берүү биздин милдетибиз»

Шатемиров баса белгилегендей көк бөрүнү жеткиликтүү кылып баяндоо-өзүнчө бир искуство. Кыргыздын маданий мурастарынын маанилүү элементи.

«Ата-бабалардан калган көк бөрүнү жеткиликтүү жана тасирдүү кылып айтып берүү жана аны келечек муунга өткөрүп берүү биздин негизги милдетибиз. Мен жалындуу жаштарга оюндун жүрүшүн гана айтып бербестен, аларды патриоттуулукка жана мекенчилдикке үндөп, бактылуу сезимдерди тартуулоону максат кылам»,-дейт ал.

Көк бөрү оюнунун жаралышы алыскы тарыхка барып такалып, тамыры терең. 

Алыскы доордо оюндун негизги багыты, жоого даярданууга багытталган. Оюн учурунда аттар да, ат үстүндөгү эр жигиттер да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, топту жарып кирүүгө тарбияланат.

Атаандаштар эки тарапка бөлүнүшүп, жакшы аттарга минишет. Бөлүнгөн жааттар бирдей санда (3, 5, 7) оюнчуларды чыгарышат. Оюндун негизги максаты жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип таштоо.

Көк бөрү оюуну азыркы күндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Кытай, Монголия, Афганистан, Пакистан жана Түркияда ойнолуп жүрөт.

Anahtar Kelimeler: Көк бөрү, Кыргызстан, көк бөрүнү баяндоо,

Жаңылыктар