Эркектердин улуттук баш кийимдери

Кыргыздын улуттук баш кийимдери элдин маданий мурасын, каада-салтын, жашаган жерин, статусун туюндурат.

22 Nisan 2022 20:56

Кыргыздын улуттук баш кийимдери — элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топторунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген.

Кыргыз маданиятында баш кийим физикалык коргонуудан тышкары, аны кийип жүргөн адамдын статусун аныктайт.

Малакай

Бул — элдик баш кийимдин бир түрү. Көбүнчө карыялар кийишкен. Уктаарда кийип жатканда башты жылуу сактаган. Ал өңдөлгөн (бордолгон), ышкын түпкө, анарга жана башка өсүмдүктөргө боёлгон түктүү териден аңтара тигилет. Малакайдын көрпөдөн бир-эки элидей «кыюусу» болот. Кыюусуз тигилген малакайга кездеме менен көрпөдөн «милте» (жээк) коюлат.

Тебетей

Тебетей байлыкты жана бийликти аныктап турган. Кулакчыны менен, койдун терисинен тигилген тебетейди «телпек» дешкен да, аны карапайым адамдар кышкы суукта кийишкен. Карапайым, өз чарбачылыгы менен чектелген адамдардын сый тебетейи көрпө тебетей болгон. Орто малы, алыш-бериш катышы, айылында анча-мынча кадыры бар, өз оокатына тың адамдар түлкү тебетей кийишкен. Ал эми бир айылдын билерманы, башкалар үчүн тайлык кадыры бар адамдарга суусар тебетей кийүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бир чөлкөмгө бийлик жүргүзгөн, башка урууларга таанымал кадыры да, бийлиги да бар адамдар кундуз тебетей кийишкен. Кыргыздардын ичинде хандык даражага жеткен адам гана төбөсүн кызыл менен тыштатып кийүүгө мүмкүнчүлүк алган да, андай тебетейди «Кызыл чок» деп аташкандыгын элдин тарыхы ырастайт.

Калпак

Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим.

Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат.

Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы - от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Anahtar Kelimeler: калпак, малакай, те, калпак, Тебетей, Малакай, улуттук баш кийимдер,

Жаңылыктар