Эрзинжандагы туристтик Кемалие району «тынч шаар» макамын алды

Тарыхый жана маданий баалуулугу менен өзгөчөлөнгөн Кемалие району, «Cittaslow» (тынч шаарлар) тизмегине кирди.  Ошентип Кемалие аталган тизмекке Түнкиянын аймагынан киргизилген 21-район болуп калды.

01 Nisan 2022 16:05

2022-жылдын 26-мартында «Cittaslow» Эл аралык кеңешинин онлайн форматтагы жыйыны болуп өттү. Жыйын жайынтыгында Түркиянын Кемалие району «тынч шаар” тизмегине киргизилди.

Кемалие району Фырат дарыясынын жээгинде, тарыхый Жибек-Жолунун боюнда жайгашкан. Тарыхтагы аты-Эгин. 1922-жылы Эгиндин тургундары «кува-ы миилие» (сырткы душмандарга каршы элдик биригүү)  күчтөрүнө колдоо көрсөткөн. Мындан улам Мустафа Кемал Ататүрк Эгиндин атын Кемалие деп алмаштырган.

Тарых бою бир катар цивилизацияларга ээлик кылган Кемелие району, салттуу архитектурасы жана маданий мурастары менен өзгөчөлөнүп турат. Аталган район 30-аперль 2021-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмегине киргизилген.

Тарыхый район Чекул фондунун «7 аймак 7 шаар» долбооруна да киргизилген. Ал эми 2003-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттык өзгөрүү министрлиги, Кемелиени, туризмдин артыкчылыктуу региондорунун тизмесине киргизген.

«Cittaslow» (тынч шаарлар) тизмегине белгилүү критерийлерге жооп берген өзгөчө шаарлар гана кире алат

Кемалие районунун жетекчиси Мехмет Караман  баса белгилегендей «Cittaslow» (тынч шаарлар) тизмегине белгилүү критерийлерге жооп берген өзгөчө  шаарлар гана кире алат.

«Cittaslow»дун максаты – жашоонун ритмин басаңдатуу, монотондуулукка каршы туруу жана шаарларда жашоонун сапатын жакшыртуу. Тизмекке кирген шаарлардын табигый баалуулуктарын, каада-салттарын, үрп-адаттарын, жергиликтүү архитектурасын, тамак-ашын, музыкасын, кол өнөрчүлүгүн коргоо.

Кемалие районунун аталган тизмекке кириши-райондун өнүгүүсүнө жана дүйнөгө танылуусуна салым кошот.

Anahtar Kelimeler: Кемалие району, Эрзинжан, Түркия, «Cittaslow» (тынч шаарлар),

Жаңылыктар