Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

08 Şubat 2021 13:18

Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча интеграциялык кызматташтыкты күчтөндүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйыны 23-апрелде Орусиянын борбору Москва шаарында өтө турган болду. 

 

Жаңылыктар