Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 358 адамга жетти.

01 Eylül 2020 12:15

Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус жуккан жаңы 113 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 358 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 275 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошентип коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 37 миң 217ге жетти. жалпы 1 миң 58 адам каза болду.

Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда Кыргызстандагы ооруканаларда 925 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Үй шартында 4 миң 635 адам дарыланып жатат.

Үсөнбаев санитардык эрежелерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү азыр деле маанилүү болуп турганын баса белгиледи. 

Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда, эпидемия июль айында туу чокусуна жетип, азыркы учурда басаңдап калды. Андыктан убактылуу ачылган ооруканалар жабылды. 

Жаңылыктар