Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан коронавируска каршы активдүү күрөшүүдө

02 Eylül 2020 13:08

Кыргызстанда 2-сентябрда коронавирус жуккан жаңы 78 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 36 адамга жетти.

 Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 895ке жетти.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 60 адам каза тапты.

Үсөнбаев билдиргендей, оруканаларда 670 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Ал эми үй шартында 4 миң 799 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар