Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

04 Eylül 2020 13:42

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 92 учур катталды. Ушуну менен өлкө боюнча жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 миң 135 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 426га жетти. Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен Баткен облусунда бир бейтап каза болду. Оорудан каза болгондордун жалпы саны 1061ге жетти.

Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда Кыргызстанда ооруканаларда 584 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 614 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар