Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

06 Eylül 2020 01:25

Kыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 89 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 316 адамга жетти.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан  айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 648ге жетти. Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен каза болгондор катталган жок.

Штабдын маалыматына караганда Кыргызстанда ооруканаларда 577 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Ал эми үй шартында 4 миң 97 адам дарыланып жатат.

Ал арада Коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөсү кенемте алды

Кыргызстандан коронавирустан көз жумган алгачкы учур 3-апрелде катталган. Андан бери 1061 киши көз жумду.

Жаңылыктар