Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

07 Eylül 2020 15:20

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 55 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 458 адамга жетти.

Cутка ичинде 134 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 960ка жетти.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 61 адам каза тапкан.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 3 миң 4 бейтап дарыланууда. Ал эми ооруканаларда 601 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар