Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

09 Eylül 2020 00:39

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 68 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ущуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 526 адамга жетти.

Cутка ичинде 198 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 158ге жетти.

Соңку бир суткада 1 бейтап оорудан каза тапты. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 62 адам көз жумган.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2 миң 627 бейтап дарыланууда. Ал эми ооруканаларда 551 бейтап дарыланып жатат.

Ал арада эскертүүлөргө карабай той өткөрүп, массалык түрдө адамдардын чогулушуна жана илдеттин жайылуусуна жол берген кафе-ресторандарга айыптар салынууда.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб, шайлоого үгүт иштерин баштаган партияларды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырды.
Ал арада, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларындагы ооруканалардын курулуш иштери уланууда.

Жаңылыктар