Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

10 Eylül 2020 13:09

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 87 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ущуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 613 адамга жетти.

Cутка ичинде 178 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 336га жетти.

Соңку бир суткада 1 бейтап оорудан каза тапты. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам көз жумган.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2 миң 373 бейтап дарыланууда. Ал эми ооруканаларда 535 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар