Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

10 Eylül 2020 21:26

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 71 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ущуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 684 адамга жетти.

Cутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 336га жетти.

Соңку бир суткада оорудан каза тапкандар катталган жок. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам көз жумган.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2 миң 260 бейтап дарыланууда. Ал эми ооруканаларда 532 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар