Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

14 Eylül 2020 15:09

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 47 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 928 адамга жетти.

Cутка ичинде 101 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 23кө жетти.

Соңку бир суткада оорудан каза тапкандар катталган жок. Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1063 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 1903 бейтап дарыланууда. Ал эми ооруканаларда 507 бейтап дарыланып жатат.

Ал арада  Бишкек шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ишин контролдоо боюнча чаралар күчөтүлдү. Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары менен тартип бузуу фактылары эки жолу аныкталган учурда, КР Бузуулар жөнүндө Кодекстин 150 жана 293-статьялары боюнча айып салынып, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилет.

Жаңылыктар