Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

16 Eylül 2020 21:55

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 73 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 72 адамга жетти.

Cутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 210го жетти.

Соңку бир суткада оорудан каза тапкандар катталган жок. Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1063 бейтап көз жумду. Коронавирус адеп катталган күндөн бери 336 миң тест алынды.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2000ден ашык бейтап дарыланууда.

Ал арада  Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында, бардыгы биригип 270 бейтапты тейлей турган ооруканалар салынууда.

Жаңылыктар