Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

18 Eylül 2020 15:24

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 81 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 153 адамга жетти.

Cутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 317ге жетти.

Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1063 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан ооруканада 527, үй шартында 1788 бейтап дарыланууда.

Ал арада  Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сасык тумоого каршы эмдөө башталды.

Жаңылыктар