Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

21 Eylül 2020 15:32

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 55 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 417 адамга жетти.

Cутка ичинде 109 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 682ге жетти.

Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1063 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан 2328 бейтап дарыланууда.

Жаңылыктар