Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

25 Eylül 2020 13:25

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 175 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 932 адамга жетти.

Cутка ичинде 142 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 147ге жетти.

Ал арада сасык тумоого каршы жапырт эмдөө башталды.

Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1063 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан 2284 бейтап дарыланууда.

Жаңылыктар