Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

01 Ekim 2020 00:14

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 147 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 669 адамга жетти.

Cутка ичинде 188 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 879га жетти.

Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1064 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан 2274 бейтап дарыланууда.

Жаңылыктар