Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

02 Ekim 2020 00:19

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы учурлар кайрадан көбөйдү. Өлкө аймагында соңку бир суткада 174 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 841 адамга жетти.

Cутка ичинде 104 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 983кө жетти.

Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1064 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан 2338 бейтап дарыланууда.

Ал арада 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Белгилей кетсек коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы бардык билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөн. Өткөн окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында мектептерден окууга 1-класстарга гана уруксат берилип, башка класстар аралыктан окутуу форматында калтырылган. 

Ар арада Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. Ага ылайык чет өлкөлөрдүн жарандарына 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстандын аймагына киришине уруксат берилет.

Жаңылыктар