Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

02 Ekim 2020 22:17

Кыргызстанда  аба ырайы  сууктай баштаганы ооруну жуктуруп алгандар кайрадан көбөйдү.

Өлкө аймагында соңку бир суткада 215 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 47 миң 56 адамга жетти.

Кырдал курч болуп турган Баткен жана Жалал-Абад облустарына Бишкектен дарыгерлердин тобу жөнөа кетти. 

Cутка ичинде 154 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 137ге жетти.

Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1065 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан 2399 бейтап дарыланууда.

Ал арада Республикалык штаб, 1-сентябрдан тарта мектепке бара баштаган 1-класстардын окуучулары арасында коронавирусту жуктуруп алгандар катталбаганын маалымдады. 

Жаңылыктар