Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

08 Ekim 2020 12:34

Кыргызстанда соңку бир суткада 298 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 48 миң 97 адамга жетти.

Cутка ичинде 154 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 798ге жетти.

Соңку бир суткада 3 бейтап ооруну жеңе албай каза тапты. Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1069 бейтап көз жумду.

Өлкөдө  коронавирус жана пневмониядан 1000ден ашык бейтап дарыланууда.

 

Жаңылыктар