Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

09 Ekim 2020 12:47

Кыргызстанда соңку бир суткада 245 учур (пневмонияны эске алганда) катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ушуну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 48 миң 342 адамга жетти.

Cутка ичинде 159 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 798ге жетти.

Соңку бир суткада 4 бейтап ооруну жеңе албай каза тапты. Коронавирус адеп катталган күндөн бери 1073 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкөдө акыркы күндөрү күчөгөн башаламандыктын кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип-кетип, коронавирус тез жайылып баратканын билдирди .Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактап, беткап кийип, зарыл болбосо көчөгө чыкпай, антисептик колдонууга чакырды.

Жаңылыктар