Евразиядагы өлкөлөрдө коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстан

10 Ekim 2020 16:52

Кыргызстанда  коронавирус жуккан жаңы 307 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 48 миң 924 адамга жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде 130, жалпы 44 миң 227 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Ушуну менен оорудун көз жумгандардын саны 1082 кишиге жетти.

Жаңылыктар